NazarNews: Бийлик менен жарандык коомдун касташуусу кыйроого алып келиши мүмкүн


Мурдагы күнү Бишкекте – бийлик менен жарандык коом ортосундагы мамилелерге арналган тегерек стол болуп өттү, ага белгилүү саясат таануучулар, аналитиктер жана журналисттер катышты. Жалпы жыйынтык – бийлик менен жарандык коом бир-бирине душман болбостон, өнөктөшүп аракеттенгенде гана коомдо чыныгы демократиялык өнүгүү болот. Азыркы пайда болгон кырдаалдын көптөгөн себептери айтылды жана алардын бири – тышкы таасир деп да белгиленди, анткени кыргыз бийлигинин аракеттери дагы, тышкы агенттерди аныктоо же эркин маалымат каражаттарына каршы кабыл алынып жаткан мыйзамдар дагы – Орусияда кабыл алынып, иштей баштаган мыйзамдардын көчүрмөсү. Орусияда болсо азыр абал Кыргызстандыкынан да опурталдуу.