ВИРУСКА КАРШЫ ФРОНТ


Кыргызстанга COVID-19 дарты жайылгандан бери өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы абдан чоң сыноого кабылды. Өмүрүн тобокелге салган дарыгерлер вируска каршы фронттун алдыңкы жоокерлери болушту. COVID-19 вирусун өз алдынча аныктоо боюнча ыкчам байланыш 118 телефону “Сорос-Кыргызстан” Фондунун, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек мэриясынын жана Швейцариялык Элчиликтин MER долбоорунун биргелешкен эмгеги менен жаралып, коронавирус жукту деп шектелген же жуктуруп алган бейтаптарга даректүү түрдө ыкчам бригадаларды жөнөтүү дагы жеңилдештирилди. Ыкчам байланыш 118 телефонунун ыктыярчылары жана мобилдик бригадалардын дарыгерлери кантип, кандай шарттарда иштеп жаткандары тууралуу кыска тасманы сиздерге тартуулайбыз. Алар өз балдарын, үй-бүлөлөрүн көрбөй, үйлөрүнө барбай, вируска каршы фронтто эмгектенип келе жатышат.