Статья

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору боюнча сунуштар

Шайлоочулар аз келгенине карабай, 2021-жылдын 10-январында референдум чечими менен эл таза, гибриддик эмес, классикалык түрдөгү президенттик системаны тандады. Башкаруунун аралаш формасы шайлоочулардын тандоосуна коюлган жок. Класссикалык президенттик системаны АКШда ойлоп табышкан. Кийин муну Мексика, Бразилия, Коста-Рика, Филиппинде жана башка өлкөлөрдө кайталашкан. Кыргызстан башка өлкөлөрдөгү башкаруу системасын кайталашы шарт эмес. Бирок Кыргызстан элдин эрки менен эсептешүүгө милдеттүү. Бул талаптар көптөн бери белгиленип келе жатат: коррупцияны жоюу, эффективдүү башкаруу жана мамлекеттик аппаратка кеткен чыгымдарды кыскартуу.

Президенттик система бийликтин бардык түрлөрүнө президенттин монополиясы жайылтылат дегенди түшүндүрбөйт. Конституционализмдин маңызы баарынын эркин өнүгүшүн камсыздоо үчүн бийликтин чегин аныктоодо жатат. Президенттик система бийлик бутактарынын функционалдык көз карандысыздыгын камсыздайт: президент аткаруу бийлигине жооптуу болот, парламент мыйзам чыгаруу милдетин аткарышы керек, а соттук функция соттор тарабынан ишке ашырылат. Ошол эле учурда бийликтин ар бир бутагы өз алдынча аракеттенет. Чечүүчү сөз соттук чечимдерди кабыл алганда соттордо болот, ал эми мыйзам кабыл алууда – Жогорку Кеңеште.

Конституцияда бийликти бөлүштүрүү принцибин ишке ашырууда элдин эркине таянуу зарыл. Келиңиз, Конституция долбоорундагы президенттин бийликтин аткаруу бутагына карата ыйгарым укуктарын карап көрөлү.

Таза президенттик системада, АКШ, Мексика, Бразилия, Коста-Рика, Флиппиндердин мисалында, кандай гана аны атабасаң да, премьер-министр жок. Мындай башкаруу формасында президент Министрлер кабинетин (муну аткаруу бийлиги, өкмөт же дагы башкача атаган күндө да) өзү жетектейт жана өзү кабыл алган башкаруу чечимдери үчүн саясий жоопкерчиликти мойнуна алат. Мисалы, АКШда бул президенттин кабинети, Бразилия жана Мексикада – федералдык өкмөт, Коста-Рикада – өкмөт кабинети, Филиппиндерде жөн гана кабинет деп аталат.

Кыргызстандын Конституциясынын долбоорунда бир эле аткаруу функциясынын ичинде кош структуралар жана кош жоопкерчиликтер бар. Президент “КРнын аткаруу бийлигин жетектейт”. Ал Президенттин Администрациясын түзөт. Бирок Министрлер кабинетинин да өзүнчө төрагасы жана Министрлер кабинети да бар. Министрлер кабинетине жана бийликтин аткаруу органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга карата президент баарын аныктайт: түзүмүн жана курамын; бардык жетекчилерди дайындайт жана бошотот. Президент аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн толугу менен башкарып, тапшырмаларды берет, алардын актыларын жокко чыгарат ж.б.

Министрлер кабинетинин төрагасы болсо Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн гана уюштурат  жана бул үчүн президенттин алдында жоопкер болот (90-берене). Бирок “эгерде Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин аткарылышын канааттандырарлык эмес деп тапса, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги Президент тарабынан каралат” (89-берененин 6-пункту). Чексиз бийликке ээ президент аз келгенсип, Жогорку Кеңеш менен Курултай да Министрлер кабинетинин төрагасын иштен алуу боюнча сунуштарын берүү аркылуу  ур-тепкиге алуу боюнча “театралдашкан оюн-зоокко” катышат (70-берененин 1-пунктунун 4-подпункту). 

Ошентип, талкуудагы долбоордо президенттик системанын маани-маңызына каршы барып, башкы аткаруучу – президенттин аракети/аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик Министрлер кабинетинин төрагасына жүктөлөт. Бул механизм КРдеги 1993-2010-жылдардагы президенттик-парламенттик болгон аралаш системада колдонулган. Башкаруунун таза президенттик формасы камтылган Конституцияда мындай болбошу керек.

Аппараттары, бөлүмдөрү, башкармалары жана кызматкерлери бар килейген эки органды – Министрлер Кабинетин жана Президенттин Администрациясын багып отурууга эч кандай муктаждык жок. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, алда канча байыраак өлкөлөр – АКШ, Бразилия, Мексика, Коста-Рика, Филиппиндердеги президенттик системаларда бир эле кабинет бар жана аны президент өзү баштайт. Башкаруунун президенттик формасынын мааниси ушунда болуп жатпайбы. Эл референдумда тандаган башкаруунун президенттик формасына карама-каршы келген бул кайталанууларды жокко чыгарууну сунуштайбыз.

Конституциянын долбоору боюнча президенттин мыйзам чыгаруу бутагына карата ыйгарым укуктарын карап көрөлү. Долбоордо президентке парламентти тек салмакта кармап туруу үчүн кадыресе ыйгарым укуктар берилген: вето коюу укугу жана мыйзамды демилгелөө укугу. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга кол коёрдо президенттин вето коюу укугу ошол эле учурда ветону жеңип өтүүгө мүмкүнчүлүктү да камтышы керек. Бул Конституциянын долбоорунда жасалган.

Бирок президент референдумду дайындоо укугуна ээ болуу менен парламенттин мыйзам чыгаруу укугун өзүнө ыйгарып алган. Парламент мыйзамды кайсы бир түрүндө кабыл алуудан баш тартканы үчүн эмес, эл тигил же бул маанилүү маселе бюнча өз позициясын билдириши үчүн мыйзам референдумда кабыл алынат. Референдумду дайындоо боюнча ыйгарым укуктун президентке өтүшү бийликти бөлүштүрүү принцибин жокко чыгарып жатат. Парламент кабыл албай жаткан мыйзамды президенттин референдум аркылуу ишке ашырып алышы парламенттин негизги мыйзам чыгаруу функциясынын жокко чыгарат.  

Добоордогу дагы бир чоң кемчилик: мыйзамды демилгелөө укугу бир эле учурда президентке да, Министрлер кабинетинин төрагасына да берилген. Мыйзамды демилгелөө укугунан пайдалануу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү дегенди түшүндүрөт. Мындай жумуш олуттуу эксперттик потенциалды жана каржылоону талап кылат. Конституция долбоорунда президенттин алдындагы олчойгон эки орган - Министрлер кабинети жана Президенттин администрациясы мыйзам долбоорлорун даярдайт деп турат. Мындай кайталануу натыйжасыз гана болбой, мамлекеттик казына үчүн кымбатка түшөт. Президенттин атынан мыйзам долбоорлорун алып чыгуу рационалдуу жана жетиштүү чечим болот.

Мамлекеттик демократиялык структура деп саналган парламенттин жөндөмдүүлүгүнүн Конституциянын долбоорунда алсызданышы элдик суверенитетти ишке ашырууга жана конституционализмди өнүктүрүүгө өбөлгө болбойт. Парламентти алсыздатуу бардык жагынан жасалган: депутаттардын төрттөн бирин (120дан 90) кыскартуудан тарта шайланып келүү ыкмасына чейин (партиялардын атынан эмес, жекече). Буга кошо президент парламенттин мыйзам чыгаруу боюнча айрым функцияларын жана депутатты чакыртып алууну өзүнө алган.

Депутатты чакыртып алуу өз милдеттерин аткарбай жаткан эл өкүлүн мандатынан ажыратуу үчүн натыйжалуу куралдай сезилиши ыктымал. Бирок иш жүзүнө келгенде императивдүү мандат – эскилиги жеткен институт. Ал феодолизм доорунда жана социалисттик өлкөлөрдө орун алган. Депутатты чакыртып алуу – бул депутатты коркутуу үчүн аткаруу бийлигинин колундагы кошумча курал. Эл өкүлүнө каршы императивдик мандатты колдонуу коркунучу турганда, ал парламентте ачык жана чын сөзүн айтуудан тайсалдайт.

Депутаттын эркин мандаты, тескерисинче, демократиялык институт деп саналат. Депутатты эл тандадыбы, демек, эл ага калктын жана өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн Конституциянын жана өз ынанымдарынын негизинде аракеттенсин деп ишеним көрсөттү. Эгер депутат жакшы иштей албаса, анда шайлоочулар кийинки шайлоодо ага добуш бербей кое алат. Тигил же бул депутатка добуш берип жатып шайлоочу демократия үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна  да алышы керек.

Депутаттардын бир бөлүгүнүн бир мандаттуу округдардан шайланып келишин жана алардын саясий партиялардан көрсөтүлбөшүн киргизүү өлкөнүн саясий системасынын прогрессивдүү өнүгүшүн шарттабайт. Бул программалырында өлкөнү өнүктүрүү идеяларын түзүү зарылдыгын эми гана түшүнүп баштаган саясий партиялардын өнүгүшүн алсыздатат.

Белгилүү болгондой, Элдик курултай институту тоталитардык инструмент деп саналат. Керек учурда өзүнчө конституциялык мыйзам менен аны күчтөндүрсө же такыр эле унутуп койсо болот. Буга кошо Элдик курултай президент менен парламенттин ыйгарым укуктарына байланышкан негизги беренелерде белгиленип жатат. Конституциянын долбоорунда Элдик курултайга ар кандай мамлекеттик ыйгарым укуктардын берилиши  курултайдын коомдук макамына жана өзүм билемдик калыптанышына дал келбейт:

  • Бийликтин аткаруу органдарынын башчыларын кызматтан бошотуу боюнча президентке сунуш бере алышы (70-берененин 1-пункту);
  • Президент өзүнүн жылдык кайрылуусун Жогорку Кеңеште эмес, Элдик курултайда жолдошу (3-берененин 70-пункту);
  • Мыйзамды демилгелөө укугу (85-берене);
  • Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин түзүүгө катышуусу (96-берене).

Адатта эл Конституцияда өз баалуулуктарын жана идеалдарын көрсөтөт. Бул нерселер преамбулада жана баштапкы беренелерде берилет.Тилекке каршы, Кыргызстандын Конституциясынын долбоору булуктуу, көп сөздүү преамбуладан башталат. Бир эле нерсенин ар кандай сөздөр менен улам кайталанышы, ар кандай масштабдуу мамиле жана көп сөздүүлүк долбоордо тез-тез орун алган.

Долбоордун структурасы логикадан тыш, эби-сыны жок жана ар башка масштабда болуп калган: беренелердин саны азыркы Конституциядагыдай эле болгону менен, көптөгөн бөлүмдөрдү кошушкан. Мисалы, III. КООМДУН РУХАНИЙ-МАДАНИЙ НЕГИЗДЕРИ бөлүмү эки гана беренеден турат: (21-22-б.). 21-беренеде мамлекеттин маданиятты өнүктүрүү, салт-санааларды сактоо, ынтымакты бекемдөө милдеттери тууралуу айтылса, экинчиси – 22-беренесинде илим менен билим тууралуу эптемей сөздөр жана Улуттук илимдер академиясынын жөнгө салуу ролу жөнүндө жазылган. Ошол эле учурда 20-берене (үй-бүлө, ата-энени сыйлоо ж.б. тууралуу) эмнегедир II.КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ бөлүмүнө киргизилген да, кийинки бөлүмдөгү 21-беренеде улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү боюнча салттар тууралуу экинчи пункт пайда болот.

Ошентип, Саясий-укуктук изилдөөлөр борбору КРнын (ЦППИ) Конституциясынын долбооруна төмөндөгүлөрдү сунуштайт:

  • Президент Министрлер кабинетин өзү башкаруусун:
  • Конституциянын долбоорунан Президенттин Администрациясын жана анын башчысын алып салууну;
  • Долбоордон Министрлер Кабинетинин Төрагасын алып салууну;
  • Мыйзам чыгаруу функциясы катары референдумду дайындоону толугу менен парламентке берүүнү;
  • Долбоордон депутатты чакыртып алуу институтун алып салууну;
  • Бүт долбоордун юридикалык техникасын иштеп чыгууну;
  • Нормативдик-укуктук эмес мүнөздөгү жоболорду алып салууну, КР Конституциясынын долбоорунун структурасын оптималдаштырууну.

Эл өз жашоосун жакшыртуу үчүн натыйжалуу башкарууну аныктай турган Конституцияны кабыл алат. Эффективдүү башкаруу бийликти бөлүштүрүү принцибинин сакталышын талап кылат. Кандай болбосун, монополия иш жүзүндө өз билемдүүлүккө алып барат. Бийликтин негизги бутактарынын ортосунда ыйгарым укуктар бөлүштүрүлүп, тең салмактуулук сакталганда гана өлкө туруктуу өнүгөт, жарандардын, бизнестин жана башка субъектилердин укуктары жана эркиндиктери камсыздалат. Ошондуктан Баш мыйзамдын долбоору толуктап кайра иштеп чыгууга жана андан аркы талкууга муктаж. Долбоорду ушул турушунда кабыл алуу Кыргызстан үчүн шермендечилик болот.

Сүрөт Интернеттен алынган

 

2363

Написать комментарий: